Кышында Ысык-Көлдө сууга түшкөн Гүланда, сүйүктүүсү менен келечекке кадам таштаган Анжелика... Жаңы жылды ким кандай тосту?

Оливье, шампан, мандарин... Мунун баары Жаңы жылдык дасторкондун негизи экени талашсыз. Жаңы жылды тосууга камдануу, бири-бирин куттуктоо өзүнчө эле жагымдуу иш. Кирип келген Чычкан жылын кыргыз атактуулары кандай тосконун тизмектеп көрдүк.

Быйыл ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека Жаңы жылды өзгөчө тосушту. Тагыраагы, Аваз Акимов ак өргөөсүндө ата-энеси, бир туугандары, жубайы менен бул майрамды белгиледи.

Ал эми ырчы, алпаруучу Анжелика бул жолу Жаңы жылды кыздары менен тосту. Белгилей кетчү нерсе, Анжелика айым Жаңы жылды жүрөгүн ээлеген мырзасы менен дагы белгиледи. Ал сүйүктүүсү менен чогуу балаты кооздогон сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, билдирүү калтырды.

"Биз келечекке карай туура кадам таштадык. Бул менин жеке жашоом тууралуу алгачкы жана акыркы жолку билдирүүм. Болгону бакыт каалап коюңуздар", - деген ал.

Курбулар жана ырчылар Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова 2020-жылды чогуу тосту. Алар кыргыз элине куттуктоо даярдап жатканда шампан атылып кеткен видеосу менен бөлүштү. Бул тууралуу Роза Шакирова буларга токтолду.

"Баарыбыз үй-бүлөбүз менен Нурила деген курбу кызыбыздын үйүнө Жаңы жылды тосуу үчүн барганбыз. Элибизге дагы куттуктоо айтып, аны социалдык тармакка жарыялап коёлу деп сүйлөп жатканда шампан атылып кетти. Куттуктообуз аягына чыкпай калды", - дейт ал.

Жаңы жылдык чакан корпоративге айландырган ырчы Сема бул майрамды жыл сайын ата-энеси, бир туугандары менен белгилей турганын айтат.

"Негизи Жаңы жылды дайыма бир туугандарым, алардын балдары менен тособуз. Беш бир тууганбыз. Быйыл дагы салтты бузбай, 2020-жылды менин үйүмдө тостук. Майрамда сөзсүз фортепиано ойнойм, балдарым бийлейт, каалоочулар ырдап кечебиз жакшы өтөт. Бул күнү ата-энеме, бир туугандарыма, алардын балдарына белек тартуулап келем. Быйыл балдарым мага белек беришип, ары таң калтырып, ары кубандырды. Балдарым чоңоюп калганын ошондо билдим. Адатта белекти, сюрприздерди жубайым жасачу. Мен ага балдарга сен айтып белек бердирттиң десем, жубайым дагы таң калды", - дейт ал.

Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбек 2020-жылды балдары менен тосту. Белгилей кетсек, 2019-жылы февраль айында Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү жолдошунда калган.

Ырчы Гүланда 2020-жылды адаттагыдан тышкары тосту. Дегенибиз ырчы бул майрамды үй-бүлөсү, жакын достору менен Ысык-Көлдөн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ulik-real
2020-01-02 17:21:51
Бул сапар Самара жокко супер инфо
+8
bond02
2020-01-02 19:38:37
Айбек Каримовдун крылосу кетип калыптыр го. Аваз жаны жылга Акаевди чакырыптыр.
+1
Eliza-Arapbaeva
2020-01-02 22:55:15
Гулзат мамытбектин чычкандары укмуш го)))
+4
suban78
2020-01-03 00:34:21
Баарынар бактылуу болгула!!!
0
Nevestkaa
2020-01-03 01:30:51
Семанын үйү хансарай го бизге да насип кылсын ушундай үйлөр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан