Орусиядан келе жаткан Кыргыз жарандарынын унаасы кырсыкка кабылып, экөө каза болгону айтылууда

Бүгүн, 2-январь күнү социалдык тармактарга "Казакстанда кыргыздар авария болушуптур" деген аталыш менен видео жарыяланды. Анда кырсыктан соң унаага кысылып чыга албай калган, сыртта канжалап жаткан адамдарды көрүүгө болот. Бул окуя боюнча жабыркагандардын кошунасымын деген мырза менен байланыштык. Ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Окуя 31-декабрь күнү болгон. Орусиядан келаткан мекендештерибиздин жүк ташуучу гигант унаасы менен казакстандык өзбектердин пияз жүктөп бараткан фурасы кагылышып, жыйынтыгында эки Кыргыз жараны каза болгон. Угушумча, фурадагы бир адам да көз жумган. Кыргыз жигиттеринин бири Кара-Суу районунун тургуну, экинчиси биздин кошунабыз, Алай районунан болот. Кошунабыз 39 жашта эле, бүгүн жерге берилди. Артында бир уул, бир кызы калды. Маркумдун атасы да оорукчан эле, аябай жаман окуя болду, айыл ызы-чуу түшүп жатып калдык", - деп билдирди кошунасы.

Кырсык тууралуу маалыматты расмий мекемелер тастыктай элек. Маалымат толукталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
orozaliev86
2020-01-02 21:28:55
Магада Кошуна Эле жаман иш болду
0
Mamiev
2020-01-02 22:15:23
orozaliev86,Жерде жаткан киши дагы каза болуптурбу? Каза болгондордун жайы жаннаттан болсун
-1
Tursunbaev2017
2020-01-02 22:59:01
Mamiev,жок,жаракат алган
0
nur007mir009kg
2020-01-02 21:51:56
Алайдын кай жеринен экен?
Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун амиин.
+5
Alia82
2020-01-02 22:47:58
Кудай сактасын, жаман иш болуптур
+8
Store
2020-01-03 00:20:41
Өзү Казакстандын жолунда фура гиганттар болушунча басып айдап катуу жүрүшөт. Трасса деп эле миңге коюп, баса бербей бираз абайласа болмок.
+2
AykaMer
2020-01-03 09:22:13
Store,Ажалың келсе катуу жөтөлүп койсоң да өлүп каласын...Кырсык да эми,кырсык каш кабактын ортосундай деген ушул да....Кудай сактасын,жаткан жерлери жайлуу болсун
-2
adiaza
2020-01-03 09:46:55
AykaMer,Ажал жетсе жотолуп койсо да олосун дебей анча мынча сактанып журуш керек сактанганды кудай сактайт.
+9
suban78
2020-01-03 00:36:18
Эээх Алла Таалам сактасын ар бирибизди.
+6
orozaliev86
2020-01-03 10:03:31
Mamiev,Жоок жерде жаткан киши болинцада Алайдын Корул деген жерден
+1
Mamiev
2020-01-03 10:26:56
orozaliev86,Видеосун көрдүм эле жүрөк ооруп кетти. Жакшы болуп кетсин Аллах шыпаасын берсин
+2
Agayu
2020-01-03 10:33:28
Негизи Ушул маркумдар баарына сабак болсо деймин ! Жол эрежэсине өтө катуу жоопкерчилик болуш керек ар бир айдоочуда ! Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун ! Ыйманы менен бирге болсун деп үмүттөнүп калалы!
+1
girlzat
2020-01-03 12:47:55
бечаралар журогум ооруду,жаткан жери жайлуу болсун!тируусу бат айыгып кетсин!АБАЙЛАГЫЛАЧЫ ШАФЕРЛОР
+5
Tamara.99
2020-01-03 15:23:01
Видеосун коруп ыйлагым келип кеткен ватсаптан келгенде дагы эки Кыргыз бир туугагыбыз коз жумуп кетет берди арабыздан.
0
Usow
2020-01-03 16:28:32
Кулай өзү сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан