Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарына Кыргызстандан 14 спортчу катышууда

Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 6 түрү боюнча 14 спортчу катышып жатат. 17-августта кыргызстандык оор атлетчи Манас Стамалиев 134 салмактагы штанганы көтөрүп, 5-орунга татыды. Дзюдо боюнча Алибек Чороев сириялык, кытайлык жана таиланддык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, бирок кореялык Ли Жонгго уттуруп жиберип, 5-орунду ээледи. Бүгүн, 19-августта кыргызстандык спортчулар оор атлетика, дзюдо жана жеңил атлетика мелдештерине катышат. Дзюдо боюнча Эрмек Сариев жана Эльмира Акишова күрөшөт. Оор атлетика жаатынды Аскат Анардин күч сынашат. Ал эми 400 метрге болгон жарышта Ксения Прокопьева өлкө намысын коргойт. Жаштардын экинчи Азия оюндары 25-августта жыйынтыкталат.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан