Бишкекте уурулукка шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда өзү иштеген кеңсеге кирген уурулар компьютерди талкалап кетишкени айтылган. Ошол эле кеңседен башка дагы компьютердин тетиктери уурдалганы боюнча арыз түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 26 жаштагы жаранды кармаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-01-03 21:36:45
Мотурайган татынакай эле неме экен байкуш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан