Жаңы жылдын алдында режиссёр Руслан Акун тарткан "Көк бөрү" тасмасы Youtube каналына жүктөлгөн. Ал жактан тасма 3 күндө миллион жолу каралып, рекорд койду. Бул тууралуу тасманын продюсери Нурбек Айбашов SUPER.KG порталына билдирди.
"Көк бөрү" тасмасын Жаңы жылдын алдынан интернет айдыңына жүктөгөнбүз. 3 күн ичинде миллион ирет көрүлүп, жакшы пикир чогултууда. Албетте, биз мындай көрсөткүчтү күткөн эмеспиз. Ютуберлердин айтымында, мындай көрсөткүч Кыргыз өлкөсү үчүн рекорд. Буга чейин бир да ыр, клип мындай көп каралган эмес. Саатына 20 миңден ашык адам көрүп отуруп 3 күндө көрүүчүлөрдүн саны миллионго жетти. Тасманы Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Орусиядан бери көрүп, жакшы пикирлерин жазышууда", - дейт тасманын продюсери.
Эске салсак, "Көк бөрү" тасмасындагы башкы каармандын ролун жараткан казак актёру Асылхан Төлепов "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2018-жылдын супер актёру" наамын алган.
"Көк бөрү" тасмасын көрө электер болсо, Кинозал бөлүмүнө кирип көрүп, пикириңиздерди калтырсаңыздар болот.