Ырчы Нияз Абдыразаков учурда Сауд Арабияда умра (кичи ажылык) сапарында жүрөт. Ал SUPER.KG порталына көп жылдан бери кыялданган тилеги ишке ашканын айтты.
"Биз 41 адам болуп Сауд Арабиясына келдик. 3 күн Мадина шаарында болдук, дагы Меккеде 7 күн жүрөбүз. Бул жактагы адамдардын жайдары, ак көңүлдүгүн көрүп абдан таасирлендим. Бири-бирин урушкан адамды көргөн жокмун. Сүрөттө көрүп жүргөн Кааба ташына барганда тойбой кайра-кайра карап, өңүмдө болуп жатканына өзүмө ишене албай жүрдүм. Эң негизгиси, сапарым мени сабырдуулукка үйрөттү", - деди ырчы.