Баткенде аялдын колу-бутунун териси күйүктөн шылынган абалда болгон. Маркумду күйөөсү өлтүргөн деп шектелүүдө

Баткен шаарында аялын өлтүрө сабоого шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИББинен билдиришти.

"2020-жылдын 4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунда күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракат бар экени аныкталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалды. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон", - деп билдиришти тиешелүү бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2020-01-04 22:28:54
7жыл чогуу жашаса 3бала төрөп берсе мыкаачылык менен өлтүрсө .....кайран гана келин кайран гана гүлдөй өмүр ай.Сабырдуу болгулачы эркектер ,балдарына эле кыйын болуптур тирүүлөй жетим болушуп.
+12
murat17
2020-01-05 01:18:16
Nevestkaa,эмне учун эркектер коптук турдо айтуунун кереги жок
0
Nevestkaa
2020-01-05 02:05:44
murat17,себеби көпчүлүк аялдар үйдөгү уруш талаш ур токмокту сыртка чыгарбайт.Көпчүлүк эле эркектер деп айтсак да болот.Аялына камкорлору да бар арасында бирок аз.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан