Кечээ, 4-январь күнү Чолпон-Ата шаарында бийчи Наргиза Момунтаева жана жолдошу Төлөгөн мырза баш кошкондорун белгилеп, заманбап үйлөнүү той өткөрүштү. Эки жашты Юлия Руцкая "Аппак сүйүү" ыры менен алып кирди. Наргиза менен Төлөгөн мырзаны куттуктап, кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчылары Гүлзат Байзакова, Омар, Нэна, Юлия Руцкая жана башкалар көркүн ачып, ырдашты. Эки жаш Омардын аткаруусунда ырга көз жоосун алган ак бийге түшүштү.
Эске салсак, Төлөгөн мырза менен Наргиза айым жакында баш кошкондугу тууралуу жазганбыз. Кечээ атайын жакындарына арналган заманбап той беришти.