Москвада кыргыз жигити өлтүрүлдү. "Инимдин сөөгүн мекенине алып келе албай жатабыз" дейт маркумдун эжеси

2019-жылы 31-декабрь күнү Москвада Жайыл районунун тургуну Адилет Байсабаев киши колдуу каза болгон. Маркумдун эжеси дагы деле сөөктү мекенине алып келе албай жатышканын айтат.

"31-декабрь күнү иним Москвада киши колдуу каза болгон. Дагы деле сөөгүн мекенине алып келе албай жатабыз. Ал жакта азыр дем алыш, эртең майрам экен, кандай кылышты да билбей калдык. Орусияда азыр иним бар, ошол артынан чуркап жүрөт. Орусиядагы элчилик жардам беребиз деп жатышат. Билбейм, качан ал ишке ашарын", - дейт маркумдун эжеси.

Окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.

"Москвадан 31-декабрь күнү 1994-жылы туулган Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун өлүмү боюнча териштирүү, тергөө иштери жүрүүдө. Маселе элчиликтин, миграция жана ИИМдин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө. Туугандары менен байланыштабыз. Сөөгү жакынкы күндөрү мекенине жөнөтүлөт", - дейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
chake
2020-01-05 13:48:53
тууган уругу айылдаштары баары биригип жөнөтсө болот го
-1
Arstan18.18
2020-01-06 00:55:57
chake,акча эмес документ иштеринда оной бутуруп чыгарып бербейт орустар! Моргдон чыгарып алыш ото кыйын, тем более майрам дем алыш. Москвада шугур кыргыздар биримдуу Оштук Чуйлук болсода жаман иште карап турушпай колдоп жиберет не только тууган уругу чогуу жашаган квартирадагыларда!
+4
Nurzada_0111
2020-01-05 14:20:57
Киши колдуу болуп,каза болгон деп жазылат болуш керек
+1
Musafir
2020-01-05 14:36:30
Кыйналып, акча кетирбей, ошол жактагы эле мусулмандардын мүрзөлөрүнө көмүп коё бергиледа.
-14
aslan77777
2020-01-06 02:48:46
Musafir,каллана кк
+2
Sardarakam
2020-01-06 11:14:36
aslan77777, бул Мусафир, деген адам сүйлөгөнү таптакыр башкача болтатко, бул сирияда жүргөндөрдөн окшоит, башкача сүйлөит экен дин менен ооруган динчил касал окшоит Мусафир.
0
Aika-87.87.
2020-01-05 15:31:30
9 январга чейин дем алат орустар ошого документ иштери бутпой жатса керек сабыр кылып турсаныз барат ининиз жаман иш болуптур ошол жаны жыл куну ОЗУ мигранттар уйдо эле отурганы он
+2
KG.Kushtarbek
2020-01-05 17:07:22
Кудай сактасын жайы жаннатта болсун.31 кочого чыкпаш керек ушу 31 аркасынан кообу каза боллот
+2
bond02
2020-01-05 17:30:20
KG.Kushtarbek,квартирада эле чогуу жашаган кыргыз бычак сайып андан кийин балкондон ыргытып жибериптир деп жургон бир сайтта.
+1
Kaary
2020-01-05 21:43:15
bond02, ошол каапырлардын майрамын майрамдап кызуу болуп алып болот да мындай жаман иштер, эми биз жигит ичпей эле үйдө майрамдабай отурган деп күмөн кылабыз. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам! Арты кайрылуу болсун!
+1
Store
2020-01-05 23:33:22
Kaary, Сен каарыкесиңби? Типа мактангандай болуп ник ачып алгансыңбы?)))
+1
Kitep
2020-01-08 06:43:29
Store,сен эмне магазинсинби?
Типа мактангандай эле ник ачып
алгансынбы?)))
0
suban78
2020-01-05 21:08:33
Жаны жыл биздин майрам эмес дегендер менен аябай урушчу элем. Эмибилбей калдым эмне дешти дагы
+1
Store
2020-01-05 23:36:43
suban78, Анан кимдердин майрамы экен?)) Манас баатыр, анан ата-бабаларыбыз мындай мусор майрамдарсыз эле жашаганго, болбосо Манас биздин замандын эле 10-кылымында жашаган, азыр биздин замандын 21-кылымы, ошондо деле майрамдаса болмокта.
0
KAYRATBEK
2020-01-06 00:11:45
Койгула ушул жаны жылды десен жаман корушот. Кочукто 50р турсий бутта 30р байбак ичкенинер 250 300р арак. Адамга баш берип акыл ойлонуу бербесе кыйында.
0
Abvgde
2020-01-06 02:05:46
Ата-энесине аллах сабр берсин!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан