"Чынара" деп обон созгон ырчы Тынчтыкбек Айылчиев сүйүктүүсүн тапты. Жакшы кабары менен ал SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Сүйлөшкөн кызым менен Инстаграм баракчасы аркылуу таанышканбыз. Бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Буюрса, бир айдын ичинде үйлөнөбүз. Аты Атыргүл, Жалал-Абаддын кызы, учурда Чүй облусунун Беловодское айылында турушат. Атыргүлдүн бетке айткан ачык, шайыр мүнөзүн жактырдым", - дейт Тынчтыкбек.