Кечээ, 4-январь күнү Казакстандын "Хабар" телеканалынан "Топ жарган" вокалдык шоу-программасынын финалы көрсөтүлдү. Финалда кыргыз ырчысы Салтанат Аширова да бар экени маалым.
Конкурстун финалында Салтанат Аширова Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат" аталышындагы ырын кыргыз, казак тилинде гитара менен аткарып, андан кийинки номеринде урма аспапта мыкты ойноорун көрсөткөн. Финалга чыккан 4 катышуучунун арасынан калыстар кеңешип, Салтанат Ашированы программадан четтетишкен. Долбоордун жыйынтыгында 3 орун тең казак боордошторуна берилди.
Шоу-программа тууралуу ырчы айымга кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Менин өз күчүм менен финалга жеткеним деле чоң ийгилик. Программада катышуучулардын баарында колдогон команда болуп жатты. Мен болсо жалгыз өзүм жүрдүм (күлүп). Мындай жыйынтыкты күткөм. Мага орунду беришпесе деле керек эле. Жыйынтыкка капа болгон жокмун. Негизгиси, мен ал жактан өзүм үчүн чоң сабак, стимул алдым", - дейт Салтанат Аширова.
Эске салсак, Салтанат Ашированы уюштуруучулар аталган вокалдык шоу-программага өздөрү чакырып тандоосу жок сынакка өткөрүшкөн.