Ырчы Турдакун Ниязалиев: "Бул ирет умра сапарына апамды алып келдим"

Ырчы Турдакун Ниязалиев Сауд Арабияда умра сапарында жүрөт. Бул ирет ал кичи ажылыкка апасын дагы ала барган. 10 күн бою зыярат кылабыз деген Турдакун Ниязалиев буларга токтолду.

"Негизи жыл сайын келгенге аракет кылам, быйыл үчүнчү жолу келип жатам. Бул ирет апамды дагы алып келдим. Буюрса, кийинки жылы үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөөнү алып келейин деп ниет коюп жатам. Медина шаарында 3 күн болдук, эми 7 күн Меккеде болобуз. Бул жактан кылган амалдарыбыз эселенип көбөйөт. Ошондой эле руханий жактан байып, жаңыланасың. Жаңы төрөлгөндөй болуп каласың.

Бул жакка келген адам өзүн эркин сезип, дүйнөнүн машакаттарын, ар кандай маселелердин баарын унутат. Көр тирилик деп кыжаалат болгон нерселер жоголот. Жан дүйнөңө тынчтык жана бейпилдик орнойт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2020-01-08 00:35:43
Канча барсан да озун учун барасын анын не кереги бар мактанып
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан