Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уурулар 2020-жылдын 4-январь күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу унаага жүктөп бара жаткан жеринен кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т., 1978-жылы туулган М.К., 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. экендиги аныкталган. Шектүүлөрдөн бирөө гана сот жообуна тартылган эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан.
"Уурдалган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып жатат. Ал эми шектүүлөр ал жылкыларды жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө берип жатышат. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул топ уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырган. Учурда кармалгандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтун башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бар же жоктугун тергөө амалдары аныктайт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.