Ошто 10 бээни уурдап бара жатышканда кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралды

Ош шаардык соту мал уурулукка шектүү катары кармалган 4 жарандын экөөсүн үй камагына чыгарды. Анда алардын баш коргоо чарасы кечээ, 5-январда Ош шаардык соту тарабынан каралган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үй камагына мурда соттолгон 1978-жылы туулган М.К. жана 1996-жылы туулган К.А. чыгарылган.
Ал эми бул ишти судья Жээналы Батырбеков караган.
Буга чейин Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалган. Алар 4-январь күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу унаага жүктөп, бара жатышкан убакта кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т., 1978-жылы туулган М.К., 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. Шектүүлөрдөн бирөө гана сот жообуна тартылган эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
eddi.
2020-01-06 11:50:06
Соттолгон адамды үй камагына чыгарды дегенди кандай түшүнсө болот
+6
Jelezo
2020-01-06 11:53:44
Постояный клиент,кантип түшүнбөйсүң.
+8
Zhoro
2020-01-06 12:07:03
Jelezo железно тушундурдунго
0
Losw1
2020-01-06 14:12:23
Куноосу далилденип уурулук устундо колго тушсо да уй камагына чыгарылганы, демек соттун оозун майлашты дегенди тушундурот...

Соке кыйратып жатам деп оозун коптургону менен коррупция болуп корбогондой гулдоп, уурулар эркиндикте, эл уулдары турмодо отурганын жалпы жумурай журт коруп турат...
+7
Nemo_0587
2020-01-06 18:24:46
Мына биздин өлкөдөгү мыйзам, акча берсең жашайсың. Кыргызстандын келечеги кандай болот ушундай иттер бийликте отурганда....
+1
Firdaus-Muslim
2020-01-06 19:42:36
Эртең баары акталат, анан дагы урдашат.
Мындай уурулук Кытайда катталса өлүм жазасына тартылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан