Ысык-Көл облусунда Жаңы жылдагы эс алуу күндөрүндө 17 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн майрам күндөрү үзгүлтүксүз режимде иш алып барышты. Эс алууга келген адамдардын саны да көп болгондуктан, көбүнчө эс алуу жайларына көңүл бурулуп жатты", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
30-декабрдан 6-январга чейин 3 жол кырсыгы катталган. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол эрежесин бузган 625 адамга протокол толтурган. Алардын ичинен 17 айдоочу мас абалында кармалып, айып короосуна 22 унаа токтотулган. Учурда бул иштер Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилигинин көзөмөлүндө.