Чүйдө турак үй тонолду. Шектүүлөрдүн бири жатак абакта жазасын өтөп жатса, экөө ноябрь айында абактан чыгышкан

Чүйдүн Аламүдүн районунда турак үйдү тоноого шектелип, мурда сот жообуна тартылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн бирин тоноп кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, анда 23 жаштагы шаар тургунунун үйүн тоноп кетишкенин аныкташкан. Жабырлануучунун айтымында, 26-декабрь күнү саат 15:30 чамасында үйгө белгисиз адамдар бет кап менен кирип, тапанча менен үй ээсин коркутуп, 25 миң сом акча, зер буюмдарды жана ноутбукту алып, белгисиз жакка качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө тобу 4-январь күнү бул ишке шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 3 жаранды кармашкан. Алар 37 жаштагы Д.Н. 34 жаштагы Р.Н. 38 жаштагы Ш.З. аттуу жарандар болушкан. Алардын бири Талас облусундагы жатак абакта жазасын өтөп жаткан. Ал эми экөө өтүп кеткен жылдын ноябрь айында жазаларын өтөп бүтүп, абактан чыгышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. Шектүүлөр кармалганда алардын жанынан далил буюм катары тапанча жана бет кап табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AykaMer
2020-01-06 16:57:39
ммммм. колдоруна подарка берип,бетинен өөп чыгарып жибердиңер да ээ... уурдалган буюмдар,акча эмне болду?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан