Араванда 15 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызды өз атасы бир жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктап, буларды билдирди.

"Бул факты өткөн жылдын 11-декабрында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү ата кармалып, учурда камакта. Азыркы тапта тергөө бүтүп, бардык тийиштүү материалдар Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн", - деди басма сөз кызматынан.

Ал эми жабырлануучу кыз 15 жашта. Анын апасы мындан 4 жыл мурун каза болуп калган. Кыз атасы жана туугандары менен жашап келген. Кыз учурда реабилитациялык борбордо болуп, психологдор аны менен иштеп жатышканын да кошумчалады облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
voennyi88
2020-01-06 17:31:43
Оз кызына турган XXXX кесиш керек тубунон. Эркек болсон бой жургон аялдарды албайт белен.
+18
katerina.li
2020-01-06 18:42:41
Уйлонуп алса болмок экен ,бойдок аялдар толтураго. Урой учурган жанылыктар кобойду. Тундук туштукто эмес олконун бут тарабынан шумдук жанылык тар келет. Кудай сактасын кыздарыбызды. Айланайын эл эмне болуп бара жатасынар?? Элсинерби деги силер??
+7
bekbol2006
2020-01-06 18:44:08
Ушуга окшогон Жанылыктын эмне кереги бар
+7
erlist
2020-01-07 12:35:41
Аны кармап соттоп убара болбой эле тынчытыш керек озу асынып олду кылып...
+5
Gulya78
2020-01-07 16:33:10
Ушуга окшогондорду жазбай эле койсоңор болмок жүрөк оорутуп
+1
Krai
2020-01-08 23:56:31
Наркылардан окшойт ошолордон ушуга окшогон нерселерди күтсө болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан