Актриса жана ырчы Алиша Диа бир канча убакыттан бери Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Анын күйөрмандарынын чет өлкөдө эмне менен алектенип жүрөт деген суроолорунун аягы азыркыга чейин суюла элек. Учурда Италияда жүргөн актрисага байланышканыбызда, окуу менен эс алууну айкалыштырып жатканын айтат.
"Мен Европада окуп жүрөм. Каникул учурунда саякатка чыгып, ар бир мамлекетти көрүп жатам. Учурда каникул болгондуктан, саякаттап жүрөм", - деди ал.
Алиша Диа "Уурунун махабаты", "Гаишниктер", "Сүйө бил", "Шаардык келин Шарапат 1-2" жана казактардын "Жаным" сериалында роль жаратып, "Импульс" тобунда ырдап жүргөн.