Ош шаардык соту 10 бээни уурдап бара жаткан жеринен кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын караган. Анда уурулукка шектелгендердин экөөсү камакка алынып, экөө үй камагына чыккан. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы бул баш коргоо чарасы боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
"Шектүүлөрдүн бардыгына уурулук беренеси менен айып коюлуп, бөгөт кою чарасында камакка алуу түрү тандалган. Бирок Жазык кодексинин 116-беренесине ылайык, жасаган кылмыштык аракеттерине 5 жылдан ашык эркинен ажыратуу каралса гана камакка алуу түрү тандалып алынат деп жазылган. Ош шаардык сотунун тергөө судьясы 2 шектүүнүн аты-жөнүн, туруктуу жашаган жерин жана тергөө органдары тарабынан анча оор эмес кылмыш боюнча шектелип жаткандыгын эске алып, үй камагына чыгарган. Ал эми камакта калган эки шектүүнүн жашаган жери аныкталбагандыктан, аларга бөгөт кою чарасында камакка алуу түрү тандалган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалган. Алар 4-январь күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу унаага жүктөп бара жаткан убакта кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т., 1978-жылы туулган М.К., 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. Шектүүлөрдөн бирөө гана сот жообуна тартылган эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан.