Ош облусунун Өзгөн районунда баңги затын сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Большевик айылынын 61 жаштагы тургуну кармалган. Анын үйүнө тинтүү иштерин жүргүзүшкөндө аталган жаран баңги затын сатуу менен алектенгени аныкталган. Натыйжада күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү учурунда, аталган жарандын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 килограмм болгон, өзгөчө жыты бар зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды. Тергөө жүрүүдө.