Димаш Кудайберген Жеки Чанга белек тартуулады (видео)

Дүйнөгө белгилүү казакстандык аткаруучу Димаш Кудайберген Кытай өлкөсүнүн легендарлуу актёру Жеки Чанга белек тартуулады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, белек алып-беришүүнү чагылдырган видеону тиркеген.

Анын айтымында, легендарлуу актёр менен жолугушуусу дайыма белек беришүү менен аяктайт. Бул жолу Димаш Кудайберген Жеки Чанга белекке сырт кийим тартуулаган.

Кытай актёру белекти алары менен кийип көрүп, абдан ыңгайлуу экенин жана белек абдан жакканын билдирген. Димаш Кудайберген ошол эле учурда бир жолу анын өзүнө жана үй-бүлөсүнө Жеки Чан бир баштык кийим кече белек кылып салып жибергенин дагы кошумчалаган. Ал кытай актёру менен ар бир кезигишүүдө жагымдуу сезимдерге чулгана турганын жана аны менен пикирлешүүдө ырахат ала турганын жазган. Аны менен бирге Жеки Чанды эч бир артистке окшоштурбасын жана анын жан дүйнөсү жаш баланыкындай таза экенин кошумчалаган.

Димаш Кудайберген Жеки Чанга белек тартуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-01-07 22:41:53
Кыргызстанда деп адашып кеттиби?
-1
Balam_bakytym
2020-01-08 16:35:30
Ekoonun da talantyna soz jok. Legendarluu insandar
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан