Жүрөк толкуйт. Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган тасманын трейлери жарык көрдү (видео)

Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында өз атын алтын тамгалар менен жазып койгон балбан Айсулуу Тыныбекова тууралуу тасманын трейлери жарык көрдү.

Кыргыздын алгачкы чемпион кызы тууралуу тасманы америкалык Рейчел Сайн тарткан.

"Мен аталган тасманы 2018-жылы тартып баштагам. Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн Айсулуунун күчү жетерин билгем. Мен дайыма анын эркине жана кыйынчылыктарга баш бербегенине таң берчүмүн. Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот. Азыркы тапта аны чемпион катары көрүү оңой, бирок бул жеңиштин артында турган 10 жыл талыкпас эмгек тууралуу көпчүлүк ойлоно бербейт. Кызыктарга бай жана ар бир адамга дем-күч бере турчу окуя менен ар бир адам менен бөлүшкөнгө шашылып жатам", - деп билдирген Сайн.

Тасманын автору Рейчел Сайн

Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган тасманын трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Agayu
2020-01-08 15:29:04
Айсулуу сен чыныгы азаматсың ! Эч өзүңдү шоу кылбайсың , бирок ийгиликтин жаратасың .Ишиңди сөз менен эмес көз менен кыласың. Биздин канча мынча эркектер кирпик тага башташты.
+11
Gospozhatsetok
2020-01-08 16:00:20
Денеме майда будурлор чыгып кетти,биз сен менен сыймыктанабыз Айсулуу
+7
bema_bema
2020-01-08 16:09:35
Окуп алып суйунгонумон тамагым буулуп ыйлап алдым, молодец алтын кыз.
+8
meni_kut
2020-01-08 16:11:55
Тарыхта калат бул мыкты кыз.
+9
yrmat88
2020-01-08 16:46:07
Мыкты тасма.
+7
Islambek123
2020-01-08 16:46:58
Кайраттуу, жонокой кыз,балли.
+9
Alia82
2020-01-08 17:12:39
Оо сонун жанылык, кутобуз
Айсулуу сени менен сыймыктанабыз, ийгилик сага!
+8
Adil18
2020-01-08 21:01:41
Айсулуу сен баардык нерсеге татыктуусун.Сени менен сыймыктанабыз уй-булообуз менен.
Айсулуудай кыргыз элинин суймончукту кызы болсун деп кызыбыздын атын Айсулуу деп койдук жакында.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан