Чүйдө мас абалындагы айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 28 жаштагы жаранды сүзүп кетти

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында мас абалындагы айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-январь күнү саат 05:00 чамасында болгон.

"Кара-Жыгач айылында белгисиз айдоочу унаасын мас абалда башкарып келе жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 28 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Жабырлануучу К.Э. алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми ыкчам топ жаранды сүзүп кеткен айдоочуну кармап, аты-жөнүн аныкташкан. Ал аталган айылдын жашоочусу 28 жаштагы С.Р. аттуу жаран болгон. Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан