Бүгүн, 8-январда "Манас" кинотеатрында болгон окуянын негизинде тартылган "Город героев" фильми жабык эшик артында көрсөтүлдү. Анда 3 башка доордо жашаган 3 башка каармандын ийгиликке жетүү жолу чагылдырылган.
Режиссёр Бакыт Асылбек уулу тасма болгон окуянын негизинде тартылганын айтты. "Ал Бектемир Мурзубраимов академик, химия илимдеринин доктору, профессор, ОшМУда ректор болгон адамдын окуясы тартылган. Бектемир агайдын илимге умтулган балачагы жөнүндө баяндалат. Тасманын негизги максаты өлкөнү өнүктүрүү жана аны өнүктүрүү үчүн көптөгөн кадрларды даярдоо", - дейт Бакыт Асылбек уулу.
Бектемир Мурзубраимов: "Режиссёрго окуямды айтып бергем, ошонун негизинде тартышты. Азыр кинону силер менен бирге биринчи көрүшүм", - дейт.
Тасмада роль жараткан Мээрим Атантаева ушул тасмага тартылуу ага аябай жакканын билдирди. "Анда менин атым жок, мени Родинка деп атап алышкан. Ошол каарман менмин. Ошто да көрүүчүлөр мени аябай жакшы кабыл алышты дейт", - дейт ал.
Зал толо келген эл ыраазы болуп кайтты.