Канадалык ырчы Жастин Бибер Лайм илдетине кабылганын жакында эле билгенин айтат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, 2 жыл кыйналып жүргөнүн билдирген.
"Элдин көбү мени жүдөп калган, метамфетамин (баңгизатына кирген ак кристалл зат, медицинада чеги менен колдонулат) колдонот деп жүрүштү. Бирок алар менин Лайм илдети менен күрөшүп жатканымды баамдашкан эмес", - деген ал.
Ырчынын айтымында, бул илдет менен ал 2 жылдан бери күрөшүп, туура дарылануунун натыйжасында айыгып баратканын кошумчалаган.
Лайм - бул кенеден жуккан ден соолукка кооптуу жана жугуштуу оору. Кене денеге жабышкан соң канды сорууга ыңгайлуу жерди издейт. Жакшы көргөн жерлери: моюн, көкүрөк, баш, кулак, колтук жана жука чурай. Кене тиштүү тумшугу менен терини тешип, ал жерге жабышып алат. Канды соргон учурда жарага түшкөн шилекейи аркылуу вирус жугат.