Бүгүн, 9-январь күнү модель, актриса Эркеайым Абдуллаева көз жарды. Бул кабарды ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
"Куш келипсиң, уулум. Салмагы 2 килограмм 920 грамм, бою 53 сантиметр. 9-январь таңкы саат 04:45", - деп жазылган билдирүүдө.
Эске салсак, Эркеайым Сүйүн Откеевдин "Миллиондук мелдеш" тасмасында роль жараткан. Ошондой эле кыргыз ырчыларынын клиптерине тартылып келет. Ал 2018-жылы саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мураска турмушка чыккан.