Бүгүн, 9-январь күнү ырчы Алмаз Шаадаевдин башына операция жасалды. Операциясы тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Эки жыл мурун чекеме шишик чыгып, улам чоңоюп жаткан. Шишик оорутпаганы менен акыркы кезде ыңгайсыздык жаратып баштаган. Дарыгерлер липома (майдан жаралган залалсыз шишик) деген диагноз коюшту. Эки саатка созулган операция ийгиликтүү өттү. Дарыгерлер убагында алдырып салдың, болбосо шишик мээге тээп кетмек дешти. Анткени сырттан кичине эле шишик болгону менен, ичине карап өсүп, сөөккө жетип калган экен. Кудайга шүгүр, азыр акыбалым жакшы", - дейт Алмаз.