Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия оюндарында дзюдо боюнча 81 килограммдык салмакта күрөшүп жаткан Эрмек Сариев 7-орунду ээледи. Сариев баштапкы эки беттеште сауд арабиялык жана палестиналык спортчуларды жеңген. Бирок жарым финал үчүн болгон таймашта өзбекстандык Мухриддин Мирзаеровдон жеңилип калды. Коло медаль үчүн болгон беттеште казакстандык Болат Ерассуландан утулду.