"Оскар" сыйлыгынын доору бүттүбү? Быйыл да сыйлыкты тапшыруу аземи алып баруучусуз өтөт

Быйыл да "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземин эч ким алып барбайт. Бул тууралуу америкалык киноакадемиянын социалдык баракчасына жазылды.

Маалыматка ылайык, былтыр "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи алып баруучусуз өткөн. Ага алып баруучулукка бекитилген актёр жана күлкү жаратуучу Кевин Харттын 10 жыл мурунку социалдык тармакка жазган билдирүүсү себеп болгон. Кезинде ал гомосексуалдык ойлору, толеранттуу эмес билдирүүлөрдү жазган деп коомчулук тарабынан катуу сындалгандыктан алып баруучулук милдеттен баш тарткан.

Киноакадемияга алып баруучусуз жаңы формат жагып калганбы, айтор, 9-февралга белгиленген 92-сыйлык тапшыруу аземин да алып баруучусу жок өткөрүүнү пландашууда.

Белгилей кетсек, бир кезде "Оскар" сыйлыгынын уюштуруучуларын расист деп айыптап, айрым киножылдыздар аземге келүүдөн баш тартышкан. Ошондон улам кезинде беделдүү киносыйлык аталган "Оскардын" да доору бүтүп баратабы деген ой келбей койбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан