Гив-оюну үчүн жарнамалык видео тартып, сынга кабылган ырчы Асел Кадырбекова кечирим сурады. Учурда чет өлкөдө эс алып жүргөн ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окурмандарына, күйөрмандарына кайрылып, адамдардан гумандуу болушун суранган.
Айтымында, видеодогу жаныбарларды өз көзү менен көргөн эмес. "Мен кимдир-бирөөнү кыйнап, эзип, өлтүрүп жаткандай жазыптырсыңар. Мен видеого тартылып кетип калгам. Кийинчерээк даяр болгон видеону алгам", - деген ал.
Мындан тышкары, Асел Кадырбекова эмнеге цирктер менен ушундай активдүү күрөшпөйсүңөр деген суроону окурмандарга узаткан.
"Силер эч кандай кыйынчылыксыз эле асылып, таш ыргыта турган адамды таап алдыңар. Бул акмактык! Эгер силер жаныбарлардын коргоочулары болсоңор, менин дарегиме эмес цирктерге, зоопарктарга жазгыла", - деп кошумчалаган.
Билдирүүсүнүн соңунда Асел айым видео үчүн өзүнүн, гив-оюндун уюштуруучуларынын атынан баарынан кечирим сурай турганын айткан.
Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова өздүк гив-оюнун уюштуруп, баш байгеге Range rover үлгүсүндөгү автоунаа коюлганын жар салууда. Оюндун видеосу социалдык тармактарга жүктөлөрү менен коомчулукта чоң нааразычылык жаратты.