Чайнек жалпайганча сабап. Ысык-Көл облусунда 68 жаштагы жаранды 54 жаштагы айылдашы сабап салган деп шектелүүдө

Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылында 70 жашка жакындап калган байкемди айылдашыбыз катуу сабап, учурда ооруканада жатат деп жабырлануучунун иниси Майрамбек Ормонбаев аттуу жаран SUPER.KG порталына кайрылды.

Анын айтымында, окуя 5-январда болгон.

"Байкем айылда өзү жалгыз жашайт. Ичип да коёт. Экинчи топтогу майып. 5-январда айылдашы экөө ичип отуруп, чыр чыгып кеткенби байкемди аябай сабап коюптур. Бети башынан тамтык жок. Колу сынган. Башын бычак менен тилип салган. Чайнек жалпайып калгыча уруптур. Милиция чакыртып, алар далил буюмдарды алып кетишти. Азыр байкем ооруканада, абалы оор. Бүгүн, 11-январда колу сынып кеткендиктен, ага операция жасала турганын дарыгерлер айтышты. Биз айылдашыбыздан жардам деле күткөн жокпуз. Болгону милиция кызматкерлери адилеттүү карашса деген үмүт менен сиздерге кайрылып жатабыз. Айылдашыбыз азыр үйүндө эле жүрөт. Милиция чакырганда гана барып турат экен. Бирок ал бычак колдонуп жатат да. Эмнеге ага беренени ошого карап туруп койбойт? Ал жок дегенде тергөө бүткүчө камакка алынышы керек болчу", - дейт айыл тургуну.

Ал эми бул фактыны тастыктоо үчүн Ысык-Көл ОИИБине кайрылганыбызда маалыматты тастыктап, буларды билдирди.

5-январда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында жайгашкан ооруканага 68 жаштагы жаран башынан алган жаракатынан улам келип түшкөн. Маалыматка ылайык, 5-январь күнү Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылында 68 жаштагы жаран менен 54 жаштагы айылдашы спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Ортодо чыр чыгып, 54 жаштагы жаран 68 жаштагы жаранды чайнек менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 139-берене "денеге анча эмес оор залал келтирүү" беренеси менен катталган. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Экспертизанын жыйынтыгы менен баары белгилүү болот. Ошондой эле чыккан жыйынтыкка карап, берене өзгөртүлүшү мүмкүн деп кошумчалайт басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bema_bema
2020-01-11 15:26:28
Мыкаачы немего, аракты билип туруп ичишет
+8
Kyrgyz_bloger
2020-01-11 15:26:55
Калыгулдун ырындагы тен ата болоор жаш кары,тебилип калаар баш дагы,деп жазылган заман келди азыр 30дагы жигит м.н 60тагы чал чогуу ичип каарысын сабап кое бере турган жашоо болуп жатат.
+11
gulam
2020-01-11 15:36:23
Алкаштар десе
+3
Tiken
2020-01-11 16:12:48
Ичкиликтин натыйжасы...
+8
Baihan07
2020-01-11 16:22:56
Денеге анча оор эмес залал келтирилген дейтко милициядан, сүрөтүндө оор экени көрүнүп турат.
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-11 16:29:31
Карыганда калжандабай жөн жүрбөйбү! Төрүнөн көрү жакын калганда.Арак бардык балеегин башаты.
+8
Krai
2020-01-11 17:48:58
Baktyluu_bolgum_kelet,
Туура айтасың 70ке таяп калган экен жөн эле жүрбөйбү ичпей эле арак жакшылыка алып барбайт да
+2
Edil2991
2020-01-11 17:59:50
Мирлан,Эрлан,Элебес беле дагы ким дин жонундо маалымат чыкса жабалактап чурчап келип жамандап комментарий жазганга шашасынар.
Мына далайдын тубуно жеткен,уй_булоо очогун жалп очургон,ата-энесиз калтырган,Ата баладан таяк жеген,Кыз атасынан бозуган жана башка ушул сыяктуу жаман иштерге себепчи болгон арак аралашкан тема козголсо БАЛЫК СЫМАЛ УН КАТПАЙ КАЛАСЫНАР.
Бир реакция кылгыла бул темага дагы.
+9
Aikaaaa
2020-01-12 12:07:41
Edil2991, ооба бизде ушундай түшүнүк калыптанып калды, же алкаш, же молдоке деген, үчүнчү бир вариант жок
+2
meni_kut
2020-01-12 20:14:13
Edil2991,туптуура айттын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан