Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткенге шектелген 22 жаштагы небере кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү кармалып, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Шектүү Ж.Э. Орусиядан 9-декабрь күнү келген. Өзгөн шаарындагы үйүнө 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү барып, туугандарына "мен азыр Орусиядан келдим, жол кирем жок" деп алардан жол акы берүүсүн сураган. Туугандары 4 миң сом акчаны берип, айдоочуну кетиришет. Шектүү 12-декабрь күнү саат 10:00 чамасында чоң энесинин үйүн тинтип баштайт. Аны көргөн чоң эне эмне издеп жатканын сураганда, Орусияда кумар оюнун ойноп, карыз болуп калганын айтып, акча талап кылган. Бирок чоң эне акча жоктугун, кыздарынан сураштырып көрүүнү айткан учурда капысынан шектүү бычак менен сайып жиберген", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Учурда тергөө иштери жүрүп, баш коргоо чарасы каралууда.