Бишкектин Гагарин көчөcүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа 4 жашар баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-декабрда болгон. Анда белгисиз унаа 4 жаштагы баланы сүзүп, айдоочу андан ары из жашырган.
Ал эми жабырлануучуну апасы №3 балдар ооруканасына алып барган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу кармалган. Ал 26 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран болгон. Ал ГАЗ 53А үлгүсүндөгү унаасы менен кырсыкка кабылган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Териштирүү иши жүрүүдө.