"Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекетинде издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Ал дипломатиялык унаа менен өтүүгө аракет кылганы айтылууда

Чүй облусуна караштуу "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстандын жараны дипломатиялык унаа менен өтүп кетүүгө аракет жасаганын айрым маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта кармалган аял буга чейин ИИМдин тергөө кызматында "алдамчылыкка" шектелип, издөөдө жүргөн. Ал көзөмөл өткөрмө бекетинде дипломатиялык унаада отурган жеринен кармалган.

Бул окуянын тастыктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматына байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдирди.

"ИИМдин тергөө кызматы "алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүү катары 1970-жылы туулган Ж.Г. аттуу аялды кармады. Ал 10-январь күнү Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери башталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан