Учурда Түштүк Кореяда жана деги эле дүйнөдөгү корей дорама сүйүүчүлөрүнүн арасында "Махабаттын авариялык конуусу" ("Аварийная посадка любви") деген сериал кызуу талкууга алынып, ар бир бөлүгүн чыдамсыздык менен күтүп көргөндөрдүн катмары калыңдап жатат. Баса, сюжет да кызыктуу. Анда Түштүк Кореянын бай кызы парапланды сынап көрмөкчү болуп, бирок аны менен учуп жүргөндө катуу шамал баш каарманды Түндүк Кореяга алып барат. Ал жактан офицерге жолугуп калып, экөөнүн ортосундагы мамиле андан ары баяндалып отурат. Бирок кеп бүгүн албетте, сериал тууралуу эмес. Кеп бүгүн - сериалдагы баш каармандардын бири, эң сулуу корей актрисаларынын төрүнөн орун алган Сон Йе Жин тууралуу болот. Ал бүгүн 38 жашка чыгып, анын 20 жылын тасма талаасында өткөрүп келүүдө.
Сон Йе Жин дебюттук ролун тасмада мындан 20 жыл мурда аткарган. Андан ары дагы бир канча фильмдерге жана сериалдарга тартылып, бирок атактуулук алып келген тасмалар "Сүйүү жөнүндө повесть" (2002-жыл), "Классика" (2003-жыл) болгон. 2003-жылы дагы бир ийгиликтүү ролду "Жайдын жыпар жыты" сериалында аткарган. Удаасынан келген бул долбоорлор Сон Йе Жинди заматта белгилүү актрисалардын катарына кошкон.
Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан атактуу түрдүү ролдорду алганды жактырат. Актриса катары кашыктап чогулткан кадыр-баркына айрым бир роль менен көлөкө түшүрүп алуудан тайсалдабайт. Кайсы бир тасмада алдамчы, дагы бир тасмада адилеттикти туу туткан кабарчы, кезектеги долбоорун карап отурсаң, ал жерде эркектердин башын айлантып жүргөн аял. Сон Йе Жинге айрым долбоорлору баш айланткан атактуулук алып келгенине карабай, ал ролго байланып калганы деле билинбейт. Анын ар бир ролу ээсинин чын дилинен берилип ойногону үчүнбү экрандан тышкары, жашоодо да Сон Йе Жин ушундай каарман болушу керек деген ойлорго түртөт.
Сүрөттөрдөн байкалгандай, Сон Йе Жин үчүн сааттын жебеси жылбай тургандай сезилет. Мекенинде атактуу бетине бычак тийгизбегени менен таанымал. Ал эми жаш көрүнүүнүн сыры катары атактуу бууга кармалган сүлгү менен бетин бир мүнөттөй жаап, кийин гана жүзүн суу менен жууп, андан ары массаж кыларын айтып келет.
Өмүр баянынын дагы бир маанилүү бөлүгү - бул анын жеке жашоосу. Сон Йе Жин 20 жылдык карьерасына карабай, бир да жолу элге кимдир-бирөө менен кыз-жигит мамилеси бар экендигин жарыялай электигинде. Албетте, анын ролдоруна байланыштуу түрдүү ушактар көп. Бирок анын бирин да ушул күнгө чейин актриса бышыктаган эмес. Ушундан уламбы, анын ар бир долбоору күйөрмандары тарабынан кызуу талкууга алынып, баш каарманды жараткан актёрго турмушка чыгуусун тилеген да учурлар көп болуп турат.
Учурда ошонун бири кайталанууда. Сон Йе Жинди күйөрмандары сыртынан эле "Махабаттын авариялык конуусу" сериалында чогуу ойноп жаткан Хён Бинге кудалап коюшкан. Эки атактуу тең эч кандай мамилеси жоктугун айтып келишет. Айтмакчы, бул сериал алардын чогуу иштешип жаткан үчүнчү долбоору. Балким ушул жагдай да түрдүү жоромолдорго жем таштап жаткан чыгар...