Кара-Көлдө мурда ажырашып кеткен күйөөсү аялы менен 16 жаштагы кызын сабап салды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мурда ажырашып кеткен күйөөсү аялын жана 16 жаштагы өспүрүм кызын сабап салган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январь күнү Б.А. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган.

"Күйөөсү биринчи аялды сабап, андан соң апасына болушкан кызын сабаган. Экөө тең ооруканага жаткырылган. Өспүрүм кыз алган жараатын текшертип, эртеси ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми аял дагы деле ооруканада. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен катталган. Аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми анын күйөөсү кармалып, бирок камакка алынган эмес. Аялга жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн баш коргоо чарасы каралмакчы", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Учурда тергөө иши улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан