Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен баасы 40 миң долларды түзгөн зер буюмдарды уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 2019-жылдын 22-июлунда болгон.
"Өткөн жылдын 22-июлунда Ленин РИИБине Т.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө уурулукка киргенин айткан. Арыздануучунун билдиргенине караганда, ошол күнү саат 21:00дөн 23:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар пластик терезе аркылуу үйгө кирип, бриллиант менен кооздолгон кол саатты, баалуу таштарды жана 11 алтын буюмду алып чыгып кетишкен. Чыгымдын жалпы суммасы 40 миң долларды түзгөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесстрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө амалдарынын алкагында, милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди басма сөз кызматынан.