Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 28-31-август күндөрү эрежесиз мушташтын вале-тудо түрү боюнча Шапак Баатырдын Кубогуна арналган республикалык мелдеш өтөт. Мелдештин жыйынтыгы менен 26-сентябрда Кореянын Сеул шаарында өтө турган эл аралык мелдешке спортчулар тандалмакчы. Бул мелдеште самбо, вале-тудо, панкратион, каратэ, джиу-джисту, греплинг боюнча спортчулар күч сынашат.