Орусияда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны жаракат алды

12-январда Бишкек убактысы менен саат 05:30да Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Дагы 5 адам оор жаракат алды. Жабырлануучулардын арасында Кыргыз жараны бар экенин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаракат алган Кыргыз жараны унаалардын биринде жүргүнчү катары бара жаткан. Учурда ал ооруканада", - дейт басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Москва - Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында орун алган. Анда Лада Ларгус унаасы менен Хендай Соларис унаасы сүзүшүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан