Депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөнов эки айга камакка алынды

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөновдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бахтияр Төлөнов №1 тергөө абагына 9-мартка чейин камакка алынды. 9-январда Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов Бишкектеги кафелердин биринде 800 доллар пара алганга шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-01-13 13:43:40
Депутаттын иниси болобу башка болобу мыйзам баары үчүн бирдей иштейт.
+6
robot111
2020-01-13 13:50:36
Ар бир тармакта Бахтияр Төлөновго окшогон акча жутарлар бар. Элдинин канын соруп жаткандар да ушулар. Башкаларга сабак болгудай жазалоо керек.
+5
Alimbek1000
2020-01-13 14:35:58
Уураларды жемкорлорду камаш, кустуруш гана керек!!!
+2
Abdizhapar
2020-01-13 14:51:48
Бактияры камалып ошонун шылтоосу менен Данияр деген депутат бар экенин эл таанып калат экен да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан