Жыл жыйынтыгын чыгарган "Супер концертке" барбай калдым дегендер болсо, кулагыңыздарга күмүш сырга! "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER.TV интернет каналы уюштурган 2019-жылдын суперлерин тандоо аземин бүгүн, 13-январь күнү саат 19:30да TUMAR TV телеканалынан көрө аласыздар. Кыргыз эстрадасынын жылдыздары, кыргыз маданиятына салым кошуп келаткан инсандар, Кыргыз Эл артисттери конок болгон "Супер концертти" өткөрүп жибербеңиз!