"Нестан-Дарежан", "Ой, булбул", "Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт" ырларынын аткаруучусу, Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Элбарчын Калиловага сөйкө салып кетишти. Бул тууралуу ырчынын менеджери Раиса Апышева SUPER.KG порталына билдирди.
"11-январь күнү куда тараптан келип, Элбарчынга сөйкө салып, кудалашып кетишти. Күйөө бала Кара-Кулжанын Алайкуусунан болот. 19-январда Кара-Кулжа районунда Элбарчындын кыз узатуу тою, 22-январда Ошто эки жаштын үйлөнүү тою болмокчу", - дейт ырчынын менеджери.