"Оскар-2020" кино сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Тизмеге нааразы болгон күйөрмандар дагы бар

Беделдүү "Оскар" кино сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Бирок бул жолку тизме көптөгөн киночулардын, күйөрмандардын нааразычылыгын жаратты.

Бул жылы "Оскар-2020" сыйлыгына "Мыкты режиссёр" талапкерлигине бир канча мырзалар көрсөтүлгөн. Бул жагдай социалдык тармакта талаш-тартышты жаратты. Мындан сырткары, талапкерлердин катарында кара терилүү жылдыздардын аз санда экендигин дагы баса белгилешкен. #OscarsSoWhite жана #DirectorsSoMale хештеги нааразы болгон интернет колдонуучуларынын башын бириктирген.

Мындан тышкары, сыйлыкка талапкерлердин катарына "Кичинекей айымдар" ("Маленькие женщины") жана "Коштошуу" ("Прощание") (Аталган тасмада роль жараткан актриса Аквафина "Алтын глобус" сыйлыгына татыган) тасмаларынын режиссёрлору Грета Гервиг жана Лулу Ванг дагы кирбей калган. "Оскар" сыйлыгынын тарыхында режиссёр айымдар болгону 5 жолу гана талапкер боло алышкан жана алардын ичинен бир гана режиссёр айым сыйлыкка ээ болгон. Ал "Бороонду башкаруучу" ("Повелитель бури") тасмасынын режиссёру Кэтрин Бигелоу болгон.

"Мындай болгону өкүнүчтүү. Былтыркы жылы бизде салыштырмалуу сценарист, режиссёр айымдар көп болчу. Бирок биз бул көйгөйдү талкуулап жатабыз. Бир гана айтарыбыз, бул абал өзгөрөт деп ишенебиз", - деген талапкерлердин бири актриса Флоренс Пью.

"Экинчи пландагы мыкты актриса" наамына талапкер Флоренс Пью - "Кичинекей айымдар"

Женнифер Лопести күйөрмандары да бул жылы "Оскар" сыйлыгынын талапкерлеринин тизмесинин катарынан көрүүнү каалашкан. Ырчы жана актриса "Алтын глобус-2020" сыйлыгына талапкер болгон, бирок "Оскарга" атаандашууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Көпчүлүгү "Мыкты музыкага" "Падыша Арстан" ("Король Лев") тасмасынын Бейонсенин саундтреги татыктуу болот деп күтүшкөн. Бирок бул сыйлыкка көрсөтүлгөн эмес.

"Оскар-2020" сыйлыгынын талапкерлеринин тизмеси:

"Мыкты тасма"

"Ford Ferrari`ге каршы" ("Ford против Ferrari"), "Ирланддык" ("Ирландец"), "Коён Жожо" ("Кролик Джоджо"), "Жокер", "Кичинекей айымдар" ("Маленькие женщины"), "Нике окуясы" ("Брачная история"), "1917", "Бир жолу Голливудда... " ("Однажды в… Голливуде"), "Паразиттер" ("Паразиты").

"Мыкты режиссёр"

Мартин Скорсезе ("Ирланддык);

Тодд Филлипс ("Жокер");

Сэм Мендес ("1917");

Квентин Тарантино ("Бир жолу Голливудда... ");

Пон Чжун Хо ("Паразиттер").

"Мыкты оригиналдуу сценарий"

Райан Жонсон - ("Бычак алуу");

Ноа Баумбак - ("Нике окуясы");

Сэм Мендес жана Кристи Уилсон-Кернс - ("1917");

Квентин Тарантино - ("Бир жолу Голливудда... ");

Пон Чжун Хо, Хан Жи Вон - ("Паразиттер").

"Мыкты актриса"

Синтия Эриво - ("Гарриет");

Скарлетт Йоханссон - ("Нике окуясы");

Сирша Ронан - ("Кичинекей айымдар");

Шарлиз Терон - ("Жаңжал")

Рене Зеллвегер - ("Жуди").

"Мыкты актёр"

Антонио Бандерас - ("Оору жана даңк");

Леонардо Ди Каприо - ("Бир жолу Голливудда... ");

Адам Драйвер - ("Нике окуясы");

Хоакин Феникс - ("Жокер");

Жонатан Прайс - ("Эки ата")

"Экинчи пландагы мыкты актриса"

Кэти Бейтс - ("Ричард Жуэлланын иши");

Лора Дерн - ("Нике окуясы");

Скарлетт Йоханссон - ("Коён Жожо");

Флоренс Пью - ("Кичинекей айымдар");

Марго Робби - ("Жаңжал").

"Экинчи пландагы мыкты актёр"

Брэд Питт - ("Бир жолу Голливудда... ");

Том Хэнкс - ("Коңшучулуктагы жакшы күн");

Энтони Хопкинс - ("Эки ата");

Аль Пачино - ("Ирланддык");

Жо Пеши - ("Ирланддык").

"Чет элдик мыкты тасма"

"Оору жана даңк" ("Боль и слава", Испания), "Паразиттер", ("Паразиты", Түштүк Корея), "Балдуу жер" ("Медовая земля", Түндүк Македония Республикасы), "Четке кагылгандар" ("Отверженные", Франция), "Кристин сөөлөкөтү" ("Корпус Кристи", Польша).

"Костюмдардын мыкты дизайны"

"Ирланддык", "Коён Жожо", "Жокер", "Кичинекей айымдар", "Бир жолу Голливудда... ".

"Оригиналдуу мыкты музыка"

"Жокер", "Кичинекей айымдар", "Нике окуясы", "1917", "Жылдыздар согушу: Скайуокер. Чыгыш".

"Оскар" сыйлыгынын 92-сыйлоо аземи 2020-жылдын 9-февралында Лос-Анжелесте "Долби" театрында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан