Бүгүн, 14-январда "Factcheck.kg" сайтынын башкы редактору Болот Темировду ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кармалгандар 1993-жылы туулган Д.Б., 1992-жылы туулган Ж.Э., 1993-жылы туулган Б.Э. жана 1994-жылы туулган О.А.. Баары тең Жалал-Абад облусунун тургундары. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тонооо" беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.