Элчилик: "Орусияда жол кырсыгынан жаракат алган Кыргыз жараны ооруканада дарыланып жатат"

12-январда Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Мындан тышкары, кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркап, бирөөсү Кыргыз жараны экени маалымдалган. Учурда ооруканада дарыланып жаткан Кыргыз жараны 24 жашта. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жабырланган мекендешибиз 1996-жылы туулган М. уулу А. экени аныкталды. Учурда ооруканада дарыланып жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Окуя Москва - Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында орун алган. Анда Лада Ларгус унаасы менен Хендай Соларис унаасы сүзүшүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан