Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында күйөөсү сабап, бейтапканага түшкөн келин бүгүн, 14-январда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Көл шаардык ооруканасынан билдиришти.
"Келиндин баш мээси чайкалган жана денесинде көк ала тактар бар. Учурда анын абалы жакшы. Мындан улам ал ооруканадан чыгарылды", - деди дарыгер.
Окуянын чоо-жайы:
7-январь күнү Б.А. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда күйөөсү биринчи аялды сабап, андан соң апасына болушкан кызын сабаган. Экөө тең ооруканага жаткырылган. Өспүрүм кыз алган жараатын текшертип, эртеси ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми аял ооруканага жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен катталган. Аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми анын күйөөсү кармалып, бирок камакка алынган эмес. Аялга жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн баш коргоо чарасы каралары айтылган.