Баткенде мурдагы күйөө баласын атып салган кайната 13 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Баткен облусунун Лейлек районунда мурдагы күйөө баласын атып салган кайнатага Лейлек райондук соту чечим чыгарды. Анда сот айыпталуучуну 13 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун кызы Асолатхон Жалолхон кызы билдирди.

Анын айтымында, сот чечимди 10-январда чыгарган.

"Атама сот чечим чыгарды. Биз соттон бир аз болсо дагы азыраак жыл күтүп жатканбыз. Бирок сот 13 жыл 6 ай берди. Облустук сотко кайрылбайбыз. Андан көрө атама ден соолук берсин. Өзүбүзгө сабыр тилейм. Азыр кичине кызым менен апама каралашып, чогуу жашап жатабыз", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

27-октябрь күнү саат 00:30 чамасында Бешкент айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз жаран ок атуучу курал менен сол желкесине аткан. Ок чыгарган жаран окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Ал эми үй ээси алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну маркумдун мурдагы кайнатасы кармалган. Шектүү жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө, окуя үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыкканын билдирген. Анын айтымында, кызы менен күйөө баласы ажырашып кеткен. Күйөө баласы 3 ай мурда башкага үйлөнгөн. Ошого карабай маркум биринчи аялына күн көрсөтпөй жүргөн. Маркум биринчи аялына жуучу түшүп келген адамдарды дагы сабаган. Мындан тышкары, куда, кудагыйлардын мамилеси башынан эле жакшы болбой келген. Шектүү күйөө баласын коркутуп коймокчу болгонун айткан.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mister-X
2020-01-14 17:10:26
Актап койсонор жакшы болмок. Ким эле болсо оз кызына болушат да
+8
arimaz89
2020-01-14 19:42:33
Акмак соттор, өз кызыңарды ошентип кордогондо унчукпай отурганыңарды көрөөр элек. Бираз азыраак мөөнөт берсе болот эле го. И тиги кызы да темтейип "кайрылбайбыз обл.сотко, ден соолук тилейбиз" деп отурат. Обл.сотко андан болбосо Жогорку сотко кайрылып мөөнөтүн азайтса болот эле го. Сенин ден соолук тилегениңден атаңдын көргөн күнү жеңилдеп кетмек беле, сабатсыз!!!
+6
Aikaaaa
2020-01-15 21:09:47
arimaz89,балким акча сурап атышкандыр да, адвокатынан өйдө, анан бере алышпаса ушинтип койгондур чечимди
0
Mamiev
2020-01-14 20:59:13
Актап кой деп айтсак туура болбойт жок дегенде азыраак жылга камасанар болмок. Убакыттын өтүшү менен акталып чыга беле балким
+4
Adil18
2020-01-15 03:28:03
Туура эмес чечим.
Ооба,адам олтурду.Эмне учун?
Айласыздан ошол кадамга барды.Баарын билип туруп 13 жыл 6 ай моонот бергенинер туура болбой калыптыр.

+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан