Жумгалда 23 жаштагы жаран муз аянтчасында сабалды

Нарын облусунун Жумгал районунда 23 жаштагы жаран муз аянтчасында сабалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү Жумгал РИИБине Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 1-январь күнү уулу саат 20:00 чамасында үйдөн муз аянтчасына чыгып кеткендигин, ал эми саат 21:30 чамасында уулун белгисиз адамдар ур-токмокко алып, сабап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Жумгал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 1996-жылы туулган М.у.Ж. 1-январь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында муз аянтчасына муз тебүү үчүн барган. Ал муз тээп жүргөн учурда бейтааныш 6-7 бала аны чакырып алып, балдардын арасынан "сен эмне конькини кыйын тебесиңби?" деп эч себепсиз денесинин ар кайсы бөлүгүнө чаап, ур-токмокко алышкан. Сабалган жарандын денесинен алган жаракатынын деңгээлин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми аны ур-токмокко алган жаран Жумгал районунун Чаек айылынын 25 жаштагы тургуну М.А. экендиги аныкталган. Ал тергөөдө кылган күнөөсүн мойнуна алган. Териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chake
2020-01-14 20:20:57
буга да Раим күнөөлүү
-8
Altyn.bala
2020-01-14 22:29:57
chake,оозуна келгенди оттобочу с*ка.Жаз келсин Раимин мн кошулуп жоголосунар
+4
salimbek87.kg
2020-01-14 23:00:14
chake,бүгүн сенин түшүңө Раим киргенби
+3
bekboliev91
2020-01-14 23:06:36
chake,катырбек окшойсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан