13-январь күнү "Чоң-Капка - автожол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1991-жылы туулган С.М. аттуу Кыргыз жараны паспорттук көзөмөлдөн өткөндө, чек арачыларга документтеги сүрөт өзүнө окшошпогон паспортту көрсөткөн. Териштирүү учурунда кармалган жаранга Кыргыз Республикасынан сыртка чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Ошондуктан ал чек арадан өтүү үчүн тууганынын паспортун колдонгон. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.