Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин бүгүн ооруканадан чыга турганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Колу, бутум оорутуп жатат. Абалым жакшы. Мындан улам ооруканадан бүгүн, 15-январда чыкканы жатам", - деди ал.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.